Бишкекте Ноорузду майрамдоого 1 миллион 800 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу novosti.kg мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Каражат Ала-Тоо аянтында концерт уюштурууга, жасалгалоо иштерине, аппаратураны орнотууга багытталат.
Ал эми эс алуу бактарындагы жарманке, көргөзмөлөрдү демөөрчүлөр уюштурат.
Мэрия бул максатта бюджеттик акчасын коротпойт, болгону соода аянттарын тартуулайт.