Синоптиктер аба-ырайынын өзгөрүшү тууралуу билдирүү таратты.
18-марттан тарта Кыргызстанда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт.
Метеорологдордун айтымында, түштүктө жаан, түндүк аймактарда кардын жаашы кеминде 22-мартка чейин уланат.
Түнкүсүн кадимкидей суук болот. 20-мартта Талас, Чүй, Нарында күндүз да абанын табы минус болушу мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат.