Жалпы республикалык тестирлөөгө негизги убакта катталуу ыңгайлуу

Жалпы республикалык тестирлөөгө негизги убакта катталуу ыңгайлуу. Мунун себеби Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

Көпчүлүк абитуриенттер майда катталам десе, анда ынгайсыздыктар жаралат. Анткени, эгерде азыр катталса, ар бир абитуриентти биз эске алып, ошол абитуриенттердин санына жараша ар бир регионго ал каяктан тапшырат, кыргыз тилинде тапшырабы, предметтик тест кайсыны тапшырат деп ошого жараша материалдарды жөнөтөбүз. Ошондуктан, биз аларды азыр каттоодон өтүүгө чакырабыз

 

Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 6-апрелге чейин созулат. Кошумча каттоо мүмкүнчүлүгү май айында берилет.