Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Бишкек – Ош, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная Горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу, Казарман — Актал-Чат жана Каракол – Энилчек унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.

 

Аталган трассалар менен сапарга чыга турган айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сакташы керек.