Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга  33 миллион евро бөлүп берет

Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга     33 миллион евро бөлүп берет.

 

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун айтымында, каражат жаңы автобустарды сатып алууга жумшалат.

 

Жалпысынан, Кытайдан 253 даана транспорт алуу пландалууда. Автобустар газ менен жүрөт. Сазыкулов белгилегендей, Бишкек калкын ташууга 1,5 миң автобус талап кылынат. Учурда муниципалитеттин автопаркында 476 коомдук транспорт болсо, анын 85и гана каттамдарга чыгат.