Октябрдан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда

Октябрдан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда.

Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдан тарта пенсиянын өлчөмүн 50 пайызга жогорулатуу боюнча министрлер кабинетинин токтому чыккан.

Белгилеп кетсек, январга карата пенсиянын орточо өлчөмү 6 миң 100 сомду түзөт.