Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн атайын колдонмолор жеткиликтүү

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн атайын колдонмолор жеткиликтүү. Алар тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

«Каттоодон өткөндөн кийин ар бир абитуриент тестке даярданыш үчүн атайын акысыз китепчелерди алышат. 370 сомдун ичине кирген китепченин ичинде тесттин эрежелери, тапшырмалардын мисалдары, балдардын укуктары, эмне кылса болот, болбойт деген бардыгы тең ушул жерде жазылуу. Мындан тышкары биздин борбор акысына – 150 сом, 100 сом жана 50 сомдук колдонмолорду сатат

 

Батракеева белгилегендей, колдонмолорду сатып алуу үчүн борбордун кеңсесине келиш керек, же райондук билим берүү башкармалыктарына буйрутма берүү зарыл.