Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн дыйкандары дизелдик отун менен 72 пайызга камсыздалды. Айыл-чарба министринин орун басары Азамат Мукашевдин айтымында, жалпысынан жазгы талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүгө 40,5 миң тонна күйүүчү май талап кылынат.
Республикалык бюджеттен кошумча 5 миң тонна дизель сатып алууга каражат бөлүндү. Өлкөдө күйүүчү майга болгон жетишсиздик жок.
Орточо баалар литрине 62-63 сомго барабар, — деди Мукашев.