Ордо калаада брусчаткаларды жаңыртуу иштери жүрүүдө

Ордо калаада брусчаткаларды жаңыртуу иштери жүрүүдө.

“Тазалык” ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин күчөттү.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда Ак үйдүн айланасында, Чүй проспектисинин түндүк тарабындагы Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин брусчаткаларды жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Жакында Турсунбаева, Достук гүл бакчасында, өкмөт үйүнүн жана Ленин эстелигинин айланасында, өкмөттүк гүл бакчада жана Ала-Тоо аянтында брусчаткаларды алмаштыруу пландаштырылууда», — деп айтылат маалыматта.