Бишкекте апта аягына чейин жылуулукту өчүрүү пландалууда.
Буйрукка кол коюла элек, бирок бул маселе мэрияда каралып жатат.
Белгилеп кетсек, шаарда жылуулук 5 күн катары менен орточо суткалык абанын температурасы плюс 8 градуста өчүрүлөт.
Синоптиктердин маалыматына караганда, 31-марттан тарта Бишкекте аба ырайынын кескин жылышы күтүлөт.
Ал эми 1-апрелден баштап абанын табы күндүзү плюс 15-20, түнкүсүн 10дон кем эмес болот.