Таласта 31-мартта жылуулук сезону жыйынтыкталат

Таласта 31-мартта жылуулук сезону жыйынтыкталат. Бул тууралуу шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын жетекчиси Ильяз Алибеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү кат мэрияга жөнөтүлдү.

 

Муниципалитет буйрук чыгарары менен шаардагы социалдык объектилерде жана турак-жайларда жылуулук берүү токтотулат.