Бишкекте  мото кайгуул инспекторлору иштеп жатат

Бишкекте  мото кайгуул инспекторлору иштеп жатат. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, тартип сакчылар парктарда, скверлерде, соода аянттарында, анын ичинде базарларда коомдук жана жол кыймылынын  коопсуздугун камсыздоодо.   Белгилеп кетсек, эгер бузуулар катталса, мото кайгуулчулар жөө жүрүүчүлөргө дагы, айдоочуларга дагы карата протокол түзүүгө укуктуу.

Кыргызстанда өткөн жылы дээрлик 99 миң 500 жаңы жумуш орду түзүлдү

Кыргызстанда өткөн жылы дээрлик 99 миң 500 жаңы жумуш орду түзүлдү.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Алардын көбү Бишкекке, Чүй жана Жалал-Абад облустарына туура келет.   Вакансиялардын басымдуусу убактылуу же бир сезондук. Статистикага таянсак, ар бир төртүнчү кыргызстандык соода тармагында же унаа оңдоп… Кененирээк…

БШК жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда тиешелүү добуштарды чогулта алган партияларга күрөө акысын кайтарып берет

БШК жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда тиешелүү добуштарды чогулта алган партияларга күрөө акысын кайтарып берет. Комиссия маалыматына ылайык, жарышка аттанган саясий уюмдар 20 миң сомдон, ал эми айыл кеңештерине талапкерлер 1 миң сомдон тапшырган.   15 пайыздан ашык добуш чогулта алган партиялардын күрөө акысы кайтарылат.   Ал… Кененирээк…

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүү уланууда

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 12-апрелдеги жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу депутаттын суроосуна жооп берди. Анда үч тараптуу сүйлөшүү уланып жатканын, тактай турган маселелер бар экенин айтты. «Ким курат, кайсы тараптан курат жана баасы боюнча бир… Кененирээк…

Кыргызстанга Алтайдан 35 марал алып келинет

Кыргызстанга Алтайдан 35 марал алып келинет. Бул үчүн Таластагы кен иштеткен компания 2,5 миллион сом бөлдү. Жаныбарлар Алтай Республикасынан алып келинип, Кыргызстандын жапайы жаратылышына кое берилет. Бул иш быйыл жарыяланган “Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы жөнүндө” жарлыкты аткарууну көздөйт.

Россия Бишкек-Самара, Бишкек-Новосибирск поезд каттамына уруксат берди

Россия Бишкек-Самара, Бишкек-Новосибирск поезд каттамына уруксат берди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев Жогорку Кеңеште билдиргенин “Азаттык” жазды. Маалыматка ылайык, темир жол каттамы майдын башында жанданышы күтүлүүдө. Ал эми Бишкек-Москва поезд каттамы 2023-жылга чейин иштебейт. Мунун себеби Россия өзүнүн темир жолун… Кененирээк…

Коргоо министрлиги Социалдык фонддун пенсия боюнча сунушун сынга алды

Ал арада Коргоо министрлиги Социалдык фонддун сунушун “мамлекеттин аскер кызматкерлерин колдоо жана сыйлоо саясатына туура келбеген, ойлонуштурулбаган, максатсыз” деп сыпаттады. Биринчиден, аскер кызматчылары иштебейт, кызмат өтөйт. Экинчиден, пенсияга чыгуу мөөнөтү аскер кызматчысынын каалоосу менен эмес, тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен аныкталган. Үчүнчүдөн, соцфонддун кызматкерлери Россия жана Казакстандын… Кененирээк…

Соцфонд иштеп жаткан жарандардын, анын ичинен аскер кызматкерлеринин пенсиясын жоюну көздөөдө

Социалдык фонд иштеп жаткан жарандардын, анын ичинен аскер кызматкерлеринин пенсиясын жоюну көздөөдө. Бул тууралуу мекеменин жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди. Анын айтымында, аскер кызматкерлери пенсияга кызматтан кеткенден кийин гана чыга алышат. Белгиленгендей, бул демилге кабыл алынса, пенсиялык фонддун чыгашасы 16 пайызга оптимизацияланат.

Калифорнияда айдоочуларды куткаруу үчүн дүйнөдөгү эң чоң жаныбарлар көпүрөсү курулат

Калифорнияда айдоочуларды куткаруу үчүн дүйнөдөгү эң чоң жаныбарлар көпүрөсү курулат. Мост Санта-Моника тоолорундагы Агура-Хиллс шаарында пайда болот. Ал жерде он тилкелүү унаа жол бар. Курулуш Жер күнүнө карата, тагыраагы, 22-апрелде башталат. Адистердин айтымында, жаңы курулуш аймактагы биологиялык ар түрдүүлүктү келечек муундар үчүн сактап калууга жардам… Кененирээк…

Азамат Кадыралиев президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Азамат Кадыралиев президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кадыралиев Азамат Сактанбекович Кыргыз Республикасынын президентинин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды, деп айтылат маалыматта.