БШК жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда тиешелүү добуштарды чогулта алган партияларга күрөө акысын кайтарып берет. Комиссия маалыматына ылайык, жарышка аттанган саясий уюмдар 20 миң сомдон, ал эми айыл кеңештерине талапкерлер 1 миң сомдон тапшырган.
15 пайыздан ашык добуш чогулта алган партиялардын күрөө акысы кайтарылат.
Ал эми бир мандаттуу талапкерлер күрөөсүн кайтаруу үчүн добуштардын эң аз дегенде 7 пайызын топтошу керек болчу. Эске салсак, шайлоо 10-апрелде өттү. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 30-апрелге чейин жарыяланат.