Кыргызстанда өткөн жылы дээрлик 99 миң 500 жаңы жумуш орду түзүлдү.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Алардын көбү Бишкекке, Чүй жана Жалал-Абад облустарына туура келет.
Вакансиялардын басымдуусу убактылуу же бир сезондук. Статистикага таянсак, ар бир төртүнчү кыргызстандык соода тармагында же унаа оңдоп иштейт, ал эми сегиз адамдын бири – тейлөө тармагында, тогузунчу адам курулуш жаатында эмгектенет.