Азамат Кадыралиев президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Азамат Кадыралиев президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кадыралиев Азамат Сактанбекович Кыргыз Республикасынын президентинин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды, деп айтылат маалыматта.