Токтогулда суунун деңгээли жогорулай баштады

Токтогулда суунун деңгээли жогорулай баштады. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн суунун көлөмү 8 миллиард 12 миллион куб метрди түздү. Суунун агып келиши секундасына 468 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 133 куб метрге жетүүдө. Белгилеп кетсек, бир жума мурун суунун агып кириши дээрлик үч… Кененирээк…

УКМК кыргыз-казак чек арасынан жүргүнчү ташыган автобустар өтпөй жатат деген маалыматты четке какты

Кыргыз-казак чек арасынан жүргүнчүлөрдү ташыган автобустар өтө албай жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы 24.kg агенттигине билдирди. Казак тарап Кыргызстандын жарандары үчүн чектөөнү алып салгандан бери өткөрмө бекеттерде бир дагы жүргүнчү ташыган автобус каттала элек. Анын үстүнө Казакстан аркылуу… Кененирээк…

Жалал-Абадда шаар аймагына гүл отургузуу иши башталды

Жалал-Абадда шаар аймагына гүл отургузуу иши башталды Мэриядан билдиришкендей, бул жылы калаадагы эс алуу бактарына, аллеяларга, жол жээктерине, мекеме-ишканалардын айланасына 185 миң гүлдүн көчөтү тигилет. Алардын арасында өткөн жылы эгилбеген гүлдүн беш түрү бар.

Контролдук эл каттоо 2-майга чейин жүргүзүлөт

Контролдук эл каттоо 2-майга чейин жүргүзүлөт. Улуттук сстатистика комитетинен эскертишкендей, Кыргызстандын алыскы аймактарында эл жана турак жай фондун каттоо 23-апрелде башталат. Маалыматка ылайык, ошол эле учурда биринчи этапта кандайдыр бир себептер менен каттоодон өтпөй калгандар үчүн н контролдук каттоо өткөрүлөт. Белгилеп кетсек, 1216 номери каттоодон… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлорунда балдары 1-класска жана бала-бакчага бара тургандар кезексиз кабыл алынат

Ордо калаадагы калкты тейлөө борборлорунда балдары 1-класска жана бала-бакчага бара турган ата-энелер кезексиз кабыл алынат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ар бир калкты тейлөө кызматында ата-энелерди кабыл алуу үчүн бирден кызматкер бөлүндү. Анын алкагында, аталган борбор кезекте турган акыркы кардарга чейин тейлей… Кененирээк…

Мектепке жана бала бакчага кабыл алуу боюнча сайт ишин жандантты

Мектепке жана бала бакчага кабыл алуу боюнча сайт ишин жандантты. Бизге Билим берүү министрлигинен такташкандай, учурда олуттуу мүчүлүштүк жок. Эске салсак, кечээ порталдын иши улам-улам үзгүлтүккө учуруган. Министрлик мунун себебин  бир убакта сайтка кирген колдонуучулардын саны өтө көбөйүп кеткени менен байланыштырды. Белгиленгендей, учурда бардык каалоочулар… Кененирээк…

Казакстан дан жана ун экспорттоого чектөө киргизди

Казакстан дан жана ун экспорттоого чектөө киргизди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн айыл чарба министринин орун басары Айдарбек Сапаров билдирди. Аткаминердин айтымында, мындай чара ички базарда ун азыктарынын жетишсиздигин болтурбоо үчүн кабыл алынды. Тиешелүү чечим 15-июнга чейин күчүндө болот. Эске салсак, буга чейин Россия буудайды Евразия… Кененирээк…

Кыргызстандын экономикасы быйыл 5 пайызга кыскарып, инфляция 15 пайызга жогорулашы мүмкүн

Кыргызстандын экономикасы быйыл 5 пайызга кыскарып, инфляция 15 пайызга жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын баяндамасында айтылды. Мындан тышкары, Россияга киргизилген санкциялардан улам кыргыз мигранттары которгон каражаттын азая турганы белгиленди. Азык-түлүккө баанын көтөрүлүшү, жумушсуздук 2022-жылы жакырчылыкты күчөтөт деп болжолдонууда. Эске салсак, министрлер кабинети кризиске каршы… Кененирээк…

Кытайдын Ухань шаары калкы эң тез өскөн калаа статусун алды

Кытайдын Ухань шаары калкы эң тез өскөн калаа статусун алды. Бир жылда эле Уханьдын туруктуу катталган калкы 1 миллион 2 миңге көбөйүп, 13 миллион 65 миңге жеткен. Жергиликтүү бийликтин болжолуна ылайык, Ухань жакында Кытайдын мега-шаарларынын тизмесине кошулат. Ал эми бүгүнкү күндө бул тизмеге жети шаар… Кененирээк…

Социалдык фонд аялдардын пенсия курагын 58 жаштан 60ка көтөрүүнү сунуштоодо

Социалдык фонд аялдардын пенсия курагын 58 жаштан 60ка көтөрүүнү сунуштоодо. Ведомство башчысынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдиргендей, бүгүнкү күндө республикадагы пенсионерлердин 70 пайызын аялдар түзөт. Ал эми 58 жашта пенсияга чыгуу аялдар үчүн али жаш. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдө жынысына карабай бардыгы бирдей жашта… Кененирээк…