Калкты тейлөө борборлору 9 күн иштебейт

Калкты тейлөө борборлору 9 күн иштебейт. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен эскертишкендей, борборлор ишин 10-майда жандантат. Министрлик алдыдагы дем алыш күндөрүн, документтердин даярдоо мөөнөтүн эске алуу менен даяр документтерди алуу жана документ алууга арыз тапшыруу маселелерин алдын ала кароону өтүнөт.

 

Эске салсак, министрлер кабинетинин чечими менен өлкөдө   1-майдан 9-майга чейин эс алуу жарыяланды.