Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына кол койду. Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны жокко чыгарууга багытталган.

 

Алсак, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары мыйзам тарабынан жөнгө салынбайт.