“Тазалык” ишканасында каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкек мэриясы “Тазалык” муниципалдык ишканасында бир катар каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, Эсеп палатасы жана мэриянын Ички аудит башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө ишкананын 2019-2020-жылдардагы ишинде мыйзам бузуулар аныкталган.

 

Бул убакыт аралыгында “Тазалыкты” Рысбек Сарпашев жетектеген.

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-октябрындагы №136 токтомун аткарууда мыйзам бузулуп, 7 млн. 340 миң сом зыян келтирилген деген жыйынтык чыккан. Мындан тышкары кызматкерлерге кошумча төлөмдөргө мыйзамсыз эле 42 млн. 322 миң сом бөлүнгөнү, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптары бузулуп, дагы 35 млн. 348 миң сом дал келбөөчүлүк аныкталганы айтылат.

Бишкек мэриясы Эсеп палатасы даярдаган корутунду боюнча зарыл чаралар көрүлөрүн кабарлады.

 

Ал эми мэриянын Ички аудит башкармалыгы “Тазалыктын” 2019-2020-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзгөндө 54 млн. 882 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. Муниципалитет материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Бул убакыт аралыгында “Тазалыкты” жетектеген Рысбек Сарпашев азырынча комментарий бере элек.

“Тазалыктын” айрым жумушчулары 15-апрелде нааразылык акцияга чыгып, жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышкан. Алар бул тармакты билген адам башкарышы керектигин айтып, жетекчилер тынбай алмашып жатканына нааразы болушкан. Бул окуядан кийин “Тазалыктын” башчысы болуп Султан Алыбаев дайындалды.

Азат Сагынов “Азаттыкка” кызматтан кетиши “Тазалык” ишканасындагы каржылык мыйзам бузууларга байланышы жок экенин, ал бул кызматта төрт эле ай иштегенин айтты.

“Тазалык” Бишкектин көчөлөрүн, коомдук жайларын тазалап, күнүнө 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Ишканада бир жарым миңдей адам иштейт.