Чек ара чырында жараат алгандардын бири Ош шаарына которулду

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы 12-апрелдеги чыр-чатакта жараат алган аскер кызматкери Ош шаарындагы аскер госпиталына которулганын билдирди. Анын абалы орточо оор деп бааланууда.

Маалыматта жараат алган отуз жаштагы дагы бир тургундун Раззаков шаарындагы ооруканада дарыланып жатканы айтылат. Анын абалы да орточо оор, жакында операция жасалары күтүлүүдө.

 

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирген. Алардын төртөөсүнө биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы туруктуу болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгондон кийин алгач тараптар Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан.

Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегациялары 13-апрелде ок атышуу болгон аймакта — Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолугушуп, тараптар ушундай эле келишимге келишти.

 

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.