Пенсиялык реформанын долбоору кагаз жүзүндө даяр эмес

Буга чейин парламентте талкууланган пенсиялык реформанын долбоору кагаз жүзүндө даярдала элек. Соцфонддун басма сөз кызматынан Novosti.kgге билдиришкендей, Жогорку Кеңеште сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн презентациясы гана болду. Жаңычылдык киргизүүнү камтыган документ качан иштелип чыгаары азырынча так белгисиз. Эске салсак, ушул жуманын башында Социалдык фонд пенсиялык реформанын алкагында… Кененирээк…

Таласта күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Талас облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына  ылайык, жер титирөө 14-апрелде саат 20:26да катталган. Анын күчү 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жок.

Ирактын 103 жаштагы тургуну 3-жолу турмуш курду

Ирактын 103 жаштагы тургуну Хаджи Мухейлиф Фархуд аль-Мансури мүмкүн болушунча көп балалуу болуу үчүн 3-жолу турмуш курду. Ал киши учурда 15 баланын атасы жана жүздөгөн неберелери бар. Жаңы үйлөнүү тоюн өткөрүү чечимин ал экинчи аялы таштап кеткенден кийин кабыл алган. Анын тандоосуна 37 жаштагы аял… Кененирээк…

Кыргызстандын визасын 20га жакын мамлекеттин жарандары жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат

Кыргызстандын визасын 20га жакын мамлекеттин жарандары жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат. Тышкы иштер министрлиги жайкы туристтик сезондун алдында туристтик визалар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо иштеп чыкты. Ведомстводон билдиришкендей, мындай чечим туризмди өнүктүрүү максатында кабыл алынды. Анын алкагында, Бахрейн, Индия, Кувейт, Марокко, Пакистан, Шри-Ланка, Египет сыяктуу 18 мамлекеттин… Кененирээк…

Кыргызстанда дээрлик 77 миң адам расмий жумушсуз макамына ээ

Кыргызстанда дээрлик 77 миң адам расмий жумушсуз макамына ээ. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө иш менен камсыз кылуу кызматтарында 100 миңден ашык киши каттоодо турат. Анын ичинен 76 миң 900ү расмий жумушсуз. Жумушсуздуктун жогорку деңгээли Баткен жана Жалал-Абад облустарында байкалат. Ал эми төмөн деңгээл… Кененирээк…

Бишкектеги мектеп директорлору ротацияланат

Бишкектеги мектеп директорлору ротацияланат. Бул тууралуу Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев “Азаттыкка” билдирди. Ал мунун себебин ата-энелердин билим берүүнүн сапаты начар деген жүйө менен балдарын үйүнүн жанындагы мектепке бербей жатканы менен байланыштырды. Жайында директорлордун аттестациясы, ротациясы болот. Балким күчтүү уюштургуч мектеп жетекчилерин артта калган мектептерди… Кененирээк…

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча маселелер макулдашылды

Кыргызстанды Түштүк Азия өлкөлөрү менен байланыштыруучу “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча дээрлик бардык маселелер макулдашылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун расмий ачылышында билдирди. Келечекте биз бул магистралдын транспорттук потенциалын активдүү пайдаланууга тийишпиз. Аталган… Кененирээк…

Казакстан бүгүнтөн тарта дан жана ун экспорттоого чектөө киргизди

Казакстан бүгүнтөн тарта дан жана ун экспорттоого чектөө киргизди. Коңшу өлкөнүн айыл чарба министринин орун басары Айдарбек Сапаров билдиргендей, мындай чара ички базарда ун азыктарынын жетишсиздигин болтурбоо үчүн кабыл алынды. Тиешелүү чечим 15-июнга чейин күчүндө болот. Эске салсак, буга чейин Россия буудайды Евразия экономикалык биримдигине… Кененирээк…

Өлкөдө керектөө баалары эң көп Нарында көтөрүлдү

Өлкөдөгү керектөө баалары эң көп Нарында көтөрүлдү. Улуттук статистика комтиетинин маалыматына ылайык, жыл башынан тарта республика боюнча баалардын өсүүсү 5 пайызды түздү. Жогорулоо бардык регионордо эле байкалды. Бирок эң чоң пайыздык көрсөткүч Нарын облусунда катталды. Аймакта негизинен алкоголдуу ичимдиктерге жана тамекиге баа жогорулады.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу ниетинде

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу ниетинде. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаковдун Бишкектеги жолугушуусунда талкууланды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан такташкандай, анда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, инвестициялык, айыл чарба жана транспорттук логистика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерине көңүл бурулду.… Кененирээк…