Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын үч пайызын түздү

Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын үч пайызын түздү.

Жылдын биринчи кварталынын маалыматтарын Эмгек министрлиги жарыялады.

Мекеме өлкөдөгү жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Баткен жана Жалал-Абад облустарында байкалганын белгиледи.

Эң төмөнү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Жалпысынан жылдын биринчи үч айынын жыйынтыгы боюнча ишке орноштуруу кызматтарында 100 миңден ашык адам каттоодо турат, алардын дээрлик 77 миңи расмий жумушсуз статусуна ээ.