Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачылат.
Бул тууралуу тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, элчиликти ачуу маселеси 2023-жылдын каржы планына киргизилди.
Белгилеп кетсек, учурда бул мамлекеттеги иштерди Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги алып барат.