Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорун таза суу менен камсыз кылууга Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы дээрлик 20 миллион евро берет.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, анын алкагында, Ак-Буура каналын модернизациялоо жумуштары да аткарылат.
Кошумчаласак, каражаттын 14 миллион 130 миң евросу насыя түрүндө берилсе, 3 миллион 740 евро грант болот.