Ош шаарындагы аэропорттун аймагына 100 түп көчөт отургузулду

Ош шаарындагы аэропорттун аймагына 100 түп көчөт отургузулду.

Түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлдү.

Анда кызматкерлер аэробекет комплексине жакын аймактарды көрктөндүрүү жана тазалоо иштерин жүргүзүп, кампалардын, өндүрүш аянтчаларынын жана имараттардын аймактарын иретке келтиришти.

“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы быйылкы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында башталган.

Анын негизинде республика боюнча жыл сайын 5-6 миң көчөт отургузуу пландалууда.