Кыргызстанга айыл чарба техникасынын импорту 2 эсеге өстү.
Ушул жылдын 1-кварталында өлкөгө дээрлик 290 техника алынып келингенин Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен 151 трактор, кайра иштетүүчү 1 техника, 27 даана айыл чарба техникасы, атайын техникадан 48 даана жана 2 транспорт каражаттары жеткирилген.
Жабдуулар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн: Беларусь, Россия, Түркия, Кытай, Германиядан келген.