Улуттук банк коммерциялык банктарды 14 пайыз менен насыялоону улантат.
Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бүгүнкү күндө эсептик чен өлчөмүн сактап калды.
Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты өлкөдө инфляциялык тобокелдиктерди ооздуктоого жана инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүүгө багытталган.
Эске салсак, Улуттук банк акыркы жолу эсептик ченди 10-мартта өзгөртүп, 10 пайыздан 14 пайызга көтөргөн.