Кыргызстандын валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу.

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Буга өлкөнүн башкы каржы мекемеси тарабынан өз учурунда тиешелүү чаралар көрүлгөндүгү себеп болгондугу айтылды.

Кошумчаласак, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде калтырды.

Негизги чендин бул деңгээли өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына ылайык келет жана экономикада орун алган тобокелдиктер боюнча Улуттук банктын саясатын чагылдырат.