Ысык-Көл облусунун милициясы бүгүн жайкы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, туристтик сезон ачылганына байланыштуу жалпысынан коомдук тартипти жана жол коопсуздугун 5 миңден ашык кызматкер күнү-түнү көзөмөлдөйт.
Республиканын алыскы туристтик аймактарында калкты жана туристтерди тейлөөгө милициянын 57 көчмө кабылдамасы тартылат.