Бишкекте 300дөн ашык адамды кене чакты

Бишкектеги Санэпидкөзөмөл департаментине кене чаккан 312 адам кайрылды.

Департаменттен билдиришкендей, анын ичинен 19у иммуноглобулин алышкан.

Шаар тургундарынын арасында кене энцефалитинин беш учуру катталды.

Бул — борбордук нерв системасынын жабыркашы менен коштолгон курч инфекциялык вирустук оору.

Андан толук айыкса болот, ошондой эле майыптыкка жана өлүмгө алып келет.