Пандемия учурунда басаңдап калган миграция көрсөткүчү кайра жакшырды

Пандемия учурунда басаңдап калган миграция көрсөткүчү кайра жакшырды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Россияда эле 1 миллионго жакын кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын басымдуусу пандемия учурунда өлкөгө кайтып келүүгө аргасыз болгон.

 

Бирок учурда абал толугу менен турукташып, миграция көрсөткүчү буга чейинки деңгээлде сакталууда. Дүйнөлүк саясий оор кырдаал дагы биздин мигранттарга залакасын тийгизген жок, — деди Базарбаев.