Кыргызстанда жыл башынан бери тамак-аштан уулануу боюнча 51 учур катталып, 185 жаран жабыркаган.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен массалык уулануу боюнча 5 учур катталып, алардан 117 адам жабыркаган.
Алар боюнча Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протоколдор түзүлүп, материалдар ИИМге өткөрүлүп берилди.