Чүй облусунун Жайыл районунда 50 орундуу бала бакча ачылды

Чүй облусунун Жайыл районунда 50 орундуу бала бакча ачылды.

Талды-Булак айыл аймагындагы мектепке чейинки мекеме Министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана башка фонддор тарабынан каржыланды.

Бала-бакчанын курулушу “Айылды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.