Кыргызстанда жаан-чачындан жапа чеккен дыйкандарга колдоо көрсөтүлөт

Кыргызстанда жаан-чачындан жапа чеккен дыйкандарга колдоо көрсөтүлөт.

Бул тууралуу бизге Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фермерлерге социалдык төлөмдөр жана насыяларды төлөө мөөнөтүн жылдыруу аркылуу жардам берүү пландалууда.

Ведомстводон белгилешкендей, сел жана суу ташкындарынан жапа чеккендердин басымдуу бөлүгү Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары.