Бишкекте монорельс куруу долбоору даярдалып бүттү, инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатат

Бишкекте монорельс куруу долбоору даярдалып бүттү, инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

 

Бул тууралуу вице-мэр Бактыбек Абдиев  билдирди. Анын айтымында, монорельстин каттамы 12-кичи райондон башталып, «Дордой» базарына түшүп, Фучик көчөсүнө туташтырылып, Түштүк магистралга чейин айланып жүрө тургандай болуп түзүлгөн.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин түркиялык компания Бишкекке монорельс курууну пландап, жерлерди карап чыкканы маалымдалган.