Арзыбек Кожошев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тийешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул Кожошевдин башка кызматка өтконүнө байланыштуу.
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен премьер-министрдин биринчи орун басарынын милдетин Адылбек Касымалиев аткарат.