Кыргызстанда кайрадан бирдиктүү мектеп формасын киргизүү пландалууда

Кыргызстанда кайрадан бирдиктүү мектеп формасын киргизүү пландалууда. Мындай демилге менен парламент депутаттары чыкты. Алардын пикиринде бирдиктүү форма окуучулардын жүрүм-турумун оңдоп, жакшы окууга өбөлгө түзөт.

 

Андан тышкары, ал окуучулар ортосундагы теңсиздикти жоет. Документ коомдук талкууга чыгарылды. Эске салсак, Кыргызстанда 2015-жылдан бери бирдиктүү форма жоюлуп, анын ордуна окуучуларга үстү ак, асты кара кийим кийүү талабы коюлуп келет.