Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын бардык катышуучулары аныкталды

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын бардык катышуучулары аныкталды. Акыркы, 32-команда болуп Коста-Рика өттү, ал тандоо турунда Жаңы Зеландия курамасын 1:0 эсебинде утуп алды.

 

Чүчү кулак тартуу менен тайпалардын курамдары дагы аныкталды. Эң эле көп футболчулар Европадан – 13 курама, Азиядан 6, Африкадан 5 курама өттү. Түштүк жана Түндүк Америкадан төрттөн. Эске салсак, Дүйнө чемпионаты Катарда ушул жылдын ноябрь айында өтөт.