Бишкекте Скрябин көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды.
Мэриянын маалыматына караганда, жумуш Жукеев-Пудовкинден Карадарыяга чейинки тилкеде жүргүзүлөт.
Альтернативалык вариант Медеров жана Жантөшев көчөлөрү болот.
Оңдоо иштерин июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.