Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамы эки жылдан кийин жанданды.
Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам эртең, 5-июлдан тарта жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.
Учуу убактысы 2 саат.
Эске салсак, аталган каттам 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган.