Парламент өлкөгө 500 миң доллардан кем эмес инвестиция салгандарга Кыргызстандын жарандыгын берүүнү сунуштап жатат.
Демилгечилер муну менен инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт деп белгилешүүдө.
Инвесторлор республикага ээн-эркин келип, жергиликтүү мыйзамдарга ылайык финансылык операцияларды жүргүзүп, салыктарды төлөй алышат.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле инвестициялык жарандык Австрия, Болгария, Камбоджа, Иордания, Мальта жана башка мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатканы айтылат.