Курман айт күнү 8 миңге жакын милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Курман айт күнү өлкөдө 8 миңге жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу 1 миң 300гө жакын кызматкер тартылып, алар 1 миң 100дөйү атайын постто иштешет, — дешти Ички иштер министрлигинен. Эске салсак, быйыл Кыргызстанда 9-июль Курман айт… Кененирээк…

Нарын облусунда губернатор алмашты

Нарын облусунда губернатор алмашты. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Аймактын мурдагы жетекчиси Сабыркул Ашимбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Кочкор районуна жаңы аким дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Эрмекбай Омошев Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Б ул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандыктар кикбоксинг боюнча эл аралык турнирде 23 медалга ээ болушту

Кыргызстандыктар кикбоксинг боюнча эл аралык турнирде 23 медалга ээ болушту. Спорт басылмаларынын маалыматына ылайык, мелдештер Ташкентте өттү. Биздин өлкөнүн капчыгында 9 алтын жана жетиден күмүш, коло медалдар бар.   Кыргызстан жалпы командалык эсепте 4-орунга ээ болду. Биринчи позицияда Өзбекстан, экинчиде Казакстан, үчүнчүдө Тажикстан жайгашат.

Египетте акуланын кол салуусунан улам бир канча пляж жабылды

Египеттин бийлиги акуланын кол салуусунан кийин Кызыл деңиздин жээгиндеги бир канча пляжды жапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат. Маалыматка ылайык, Кызыл деңиз провинциясынын губернатору Амр Ханафи акуланын кол салуусунан 2 адам курман болгондон кийин бир канча пляжды жабуу чечимин чыгарган.   Белгилүү болгондой, буга чейин Хургада… Кененирээк…

Кыргызстан жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу 18-июлда башталат

Кыргызстан жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу 18-июлда башталат. Бул тууралуу Novosti.kgге  Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кабыл алуу былтыркыдай эле онлайн форматта республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.   Эске салсак, бүгүн ЖРТнын үчүнчү этабынын жыйынтыгы жарыяланат.   Ага карата абитуриенттерди кабыл алуунун босого… Кененирээк…

Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду

Бүгүн 4-июлда Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгонун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя саат 02:00 чамасында болгон:   «№73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери, катардагы Ж.Э. (01.04.2000-ж. төрөлгөн) постто сакчылык кызматын өтөп жатып,… Кененирээк…

Кум жээктеги мыйзамсыз курулуштар боюнча мониторинг башталды

Ысык-Көл районунун аймагындагы муниципалдык кум жээк тилкелерин иретке келтирүү иши башталганын 3-июлда райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Алтынбек Сулайманов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү мекемелердин жетекчилери Бостери айылындагы “Борбор” эс алуу жайынын кѳл жээгине барып,… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 12 миллиард кубдан ашык топтолду

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 12 миллиард кубдан ашык топтолду.   Бул өткөн  жылга салыштырмалуу 1 миллиард  200 миллион кубка көп. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, өлкөнүн башкы резервуарына суткасына орточо эсеп менен 997 кубометр суу келип жатса, агып чыгуу – 422 кубка барабар.  … Кененирээк…

Бишкекте жана өлкөнүн борбордук облустарында эртең аба ырайы кескин алмашат

Бишкекте жана өлкөнүн борбордук облустарында эртең аба ырайы кескин алмашат. Синоптиктердин маалыматына ылайык,  бүгүн ордо калаада ысык болот – плюс 37 градуска чейин.   Ал эми эртең аба табы 22 градустан көтөрүлбөйт. Эртеден кечке чейин себелеп жаан жаайт. Бирок 6-июлда аба-ырайы турукташып, күн кайрадан ысып… Кененирээк…