Жалал-Абад шаарында бардык тез татым жайлары жабылды

Жалал-Абад шаарында бардык тез татым жайлары жабылды.

Бул тууралуу Novosti.kgге шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муниципалитеттин кызматкерлери санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү максатында рейддерди өткөрүүдө.

Анын жыйынтыгында шаарга караштуу бардык тез тамактануучу жерлер кемчиликтер жоюлганга чейин жабылды.

Белгилеп кетсек, мындай иш-чаралар бир нече массалык ууланууларга байланыштуу жүргүзүлүп жатат.