Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калды

Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июлда Ысык-Көл облусундагы эл алуу жайлардын биринде эс алып жаткан 60-65 курактагы аял сууга түшүп жаткан учурда чөгүп бара жаткан жеринен жардам сурап кыйкырган.

Ошол учурда көлдүн жээгинде кызматын өтөп жаткан ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери Адылбек Апышев жардамга чакырган үндү угуп дароо пирстен сууга секирип, аялды куткарып калган.