Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы белгилүү болот

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы белгилүү болот. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан кийин жогорку окуу жайларга кабыл алуунун босого баллы аныкталат.   Эске салсак, ЖРТнын акыркы этабы Бишкек жана Ошто 24-25-июнда өттү. Ага 1 миңден ашык бүтүрүүчү катышты. Кеч тест… Кененирээк…

Ысык аба-ырайында калк арасында тамак-аштан уулануу жана ичеги-карын оорулары күч алууда

Ысык аба-ырайында калк арасында тамак-аштан уулануу жана ичеги-карын оорулары күч алууда. Буга байланыштуу Бишкектин Санэпидем көзөмөл кызматы тез бузулуучу тамактарды жегенде этият болууга чакырат.   Ведомстводон белгилешкендей, көчөдө сатылган тамак-аштан баш тартып, сүт азыктарын, креми бар таттуулардын сактоо мөөнөтүнө көңүл бөлүү зарыл. Жашылча, мөмө-жемишти колдонуудан… Кененирээк…

Кыргызстанда азык-түлүк дагы эле кымбаттоодо

Кыргызстанда азык-түлүк дагы эле кымбаттоодо. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, июнь айында өлкөдө ун, нан, кой эти, картөшкө, кумшекер жана чайдын баасы көтөрүлдү. Алсак, картөшкө 12 сом 37 тыйынга кымбаттады.   Ал эми эттин баасы 10 сомго өсүп, учурда бир килограммынын баасы 519 сомго теңелет.… Кененирээк…

Бишкек жана Жалал-Абадда газ өчүрүлөт

Бишкек жана Жалал-Абадда газ өчүрүлөт.   “Газпром Кыргызстан” компаниясынан билдиришкендей, көгүлтүр от 4-8-июлда ордо калаанын Жибек Жолу проспектисин, Махатма Ганди, Курманжан датка, Чоң Чүй каналы, Орозбеков, Боталиев, Щербаков көчөлөрүн бириктирген тилкеде жана Жалал-Абадда 6-7-июлда Осмонов, Шопоков, Куч көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр күзгү-кышкы мезгилге… Кененирээк…

Нарында желектер илинип, инсталляция коюлду

Нарында желектер илинип, инсталляция коюлду. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Нарын шаарынын түштүк тарабындагы тоонун этегине орнотулган флагштокторго мамлекеттик туу, Манастын көк асабасы жана Нарын облусунун желеги илинди.   Инсталляцияда “Нарыным — алтын бешигим” деп жазылып турат.   Демилге Нарын облустук жаштар кеңеши менен Торугарт — Бишкек… Кененирээк…

47 миң кыргызстандык жаран Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылды

47 миң кыргызстандык жаран Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей,  бул май айындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.   Кайрадан Россия аймагына кирүүгө уруксат алган кыргызстандыктар “анча маанилүү эмес” административдик жоруктары үчүн расмий Москва тарабынан “кара тизмеге” киргизилген.   Белгилеп кетсек, мекендештер… Кененирээк…

Мирзиёев Каракалпакстанга өзгөчө абал режимин киргизди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев башаламандыктардан кийин 3-июлдан баштап 2-августка чейин Каракалпакстан автономиясынын аймагында өзгөчө абал киргизди. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Шерзод Асадов билдиргенин Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды. Коменданттык 21:00дөн 07:00гө чейин киргизилген. Өзгөч абал режимине ылайык, Каракалпакстанга киргенге жана аймактан чыкканга болбойт, массалык иш-чаралардын бардыгына… Кененирээк…

Маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды

Президент Садыр Жапаровдун 1-июлдагы жарлыгы менен Адабият жана искусство тармагындагы жетишкендиктери үчүн бир катар маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды. Алар: Таалайбек Усубалиев — COVID-19 менен күрөшкөн медицина кызматкерлери жана ыктыярчылардын иши, коронавирустун курмандыктары тууралуу тарткан сүрөттөрү үчүн; Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык… Кененирээк…

Алматы шаарынан Ысык-Көлгө аба каттам ачылды

Алматы шаарынан Ысык-Көлгө аба каттам ачылды.   “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, коңшу өлкөдөн алгачкы каттам 1-июлда аткарылган. Алматы-Тамчы-Алматы багыты учактар жумасына 2 жолу, дүйшөмбү жана жума күндөрү каттайт.

Жети-Өгүздө талапка жооп бербеген эс алуу борбору убактылуу жабылды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кара-Булуң деген жердеги эс алуу борбору экологиялык жана техникалык талаптарды аткарбагандыктан, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.   Буг чейин жергиликтүү тургундар аталган эс алуу борборунан чыккан саркынды суулар айлана-чөйрөнү булгап жатканы тууралуу социалдык түйүндөргө… Кененирээк…