Өзбекстанда 200 миң сумдук акча жүгүртүүгө чыгарылды

Өзбекстанда 200 миң сумдук банкнота чыгарылды. Банкноттун жасалгасы “Улуу Жибек Жолу” тематикасына жана өлкөнүн Фергана өрөөнүнүн байыркы тарыхына арналган.   Белгилеп кетсек, мурдагы СССРдин аймагындагы мамлекеттердин ичинен Өзбекстандын валютасы эң арзан акча болуп саналат. Алсак, учурда коңшу өлкөдө   1 доллар 10 миң 935 сум. Жаңы… Кененирээк…

Нью-Йоркто бир учурда 500 түгөй баш кошту

Нью-Йоркто бир учурда 500 түгөй баш кошту. Бул күнү массалык түрдө жаңы үйлөнгөндөр, тою коронавирус пандемиясынан жылдырылгандар же тою жупуну өткөндөр, ошондой эле түгөйлөрүнө жана шаарга болгон сүйүүсүн ырастагысы келгендер үйлөндү.   Майрам расмий салтанаттан башталып, андан кийин жандуу музыканын коштоосунда бий менен аяктады.

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Москва, Раззаков, Логвиненко, Исанов, Рыскулов, Ибраимов, Ахунбаев, Осмонкул, Лермонтов көчөлөрүндө, Мурас-Ордо, Көлмө, Алтын-Казык, Көк-Жар конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жалпы республикалык тестирлөөнү эң мыкты тапшыргандар “Алтын сертификаттарга” ээ болушту

Жалпы республикалык тестирлөөнү эң мыкты тапшыргандар “Алтын сертификаттарга” ээ болушту.   Салтанаттуу тапшыруу аземи Ала-Арча мамлекеттик резденциясында өтүп, абитуриенттер күбөлүктөрдү президент Садыр Жапаровдун колунан алышты.   Быйыл ЖРТдан эң жогорку баллдарды 57 окуучу топтой алды. алардын басымдуусу Бишкекке туура келет – 35 бүтүрүүчү, экинчи орунда… Кененирээк…

Ташкенттен Бишккекке аба каттамдардын саны эки эсе көбөйтүлдү

Ташкенттен Бишккекке аба каттамдардын саны эки эсе көбөйтүлдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришти. Ушул айдан тарта Ташкент – Бишкек – Ташкент багыты боюнча кошумча рейстер кое берилди.   Каттам жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.  … Кененирээк…