Акыркы 6 ай ичинде Бишкекте 1 миң 340 жол кырсыгы катталды

Акыркы 6 ай ичинде Бишкек шаарында 1340 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Исаков маалымат жыйында билдирди.   Анын айтымында жарым жыл ичинде жол кырсыгынан 21 адам каза болуп, жабыр тарткандардын саны 1726га жеткен. Бул былтыркы жылга караганда 3%га өскөн.… Кененирээк…

Бишкекте 25 миң орундуу стадиондун курулушу башталды

Бишкекте 25 миң орундуу стадиондун курулушу башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Маалыматка ылайык, арена ордо калаанын түштүк-батыш тарабында орун алат.   Аны тажрыйбалуу европалык компания курат. Каражатты инвесторлор бөлүп берет. Болжол менен, стадион 2 жылда курулуп бүтөт.

Кыргызстанда июль айынын экинчи жарымы  аномалдуу ысык болот

Кыргызстанда июль айынын экинчи жарымы  аномалдуу ысык болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, Чүй, Талас облустарында жана өлкөнүн түштүгүндө күндүз температура 37 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми кийинки жумада аба табы 40 градуска жетет.   Ысык-Көлдө 15-июлдан тарта ысык башталат. Күндүз температура мамычалары 30-35 градусту көрсөтсө, түнкүсүн… Кененирээк…

Бала-Саруу ГЭСинин биринчи агрегаты декабрда ишке киргизилет

  Бала-Саруу ГЭСинин биринчи агрегаты декабрда ишке киргизилет. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Ал белгилегендей, Талас облусунда жайгашкан гидро электр станция жазында толук кандуу пайдаланууга берилет.   Бала-Саруу ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзүп, болжол менен 92 миллион кВт саат электр энергиясын иштеп… Кененирээк…

Кыргызстан аэропортторунда вирусологиялык лабораториялар ачылат

Кыргызстан аэропортторунда вирусологиялык лабораториялар ачылат. Ооруларды алдын алуу департаментинен билдиришкендей, алгач алар “Манас”, Ош жана Тамчы эл аралык аба майдандарынын аймагында пайда болот.   Аларда ПЦР-тесттин баасы жеке лабораториялардыкына салыштырмалуу, кыйла арзан орнотулат – 490 сомдон. Жыйынтыгы 1-2 саатта даяр болуп, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттар түзүлөт,… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл 400 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Кыргызстанда быйыл 400 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Буга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишендирүүдө. Анын айтымында, 150 миң чарчы метр чуңкурлар бүтөлүп, 250 чакырым жолго шагыл төгүлөт.   Быйыл 20 миң тонна битумга 1,5 миллиард сом бөлүндү, — деди Жапаров.   Каржы министри Алмазбек Бакетаев… Кененирээк…

1-августтан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

1-августтан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт.   Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, айлыкты жогорулатуу үчүн 10 миллиард сомго жакын керектелет.   Эске салсак, 1-апрелден тарта мугалим, актер, китепканачы сыяктуу социалдык, маданият, саламаттыкты сактоо тармактарынын 309 миңге жакын кызматкерлеринин эмгек… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, кечки саат 6га чейин суу Койбагаров, Каралаев, Юнусалиев, Ахунбаев, Горький көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жана Жумабек, Шевченко, Үмөталиев, Жибек жолу, Фрунзе тилкесинде жок болот.   Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстанга май айында акча которуулар 257 миллион долларды түздү

Кыргызстанга май айында акча которуулар 257 миллион долларды түздү.   Бул апрелге салыштырмалуу, 2 миллионго көп, — дешти Улуттук банктан. Сумманын басымдуу бөлүгү Россиядан которулду – 245,5 миллион доллар, 200 миңдей Казакстандан келсе, 400 миң доллар КМШнын башка өлкөлөрүнөн которулган.   Алыскы чет мамлекеттерде эмгектенген… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, катуу жааган жаандан кийин Бурма-Суу айылында каналдардан суу ташып, үйлөрдүн короо-жайын жана ички чарбачылык жолдорду каптады.   Учурда жерине куткаруучулар тобу жана атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.   Андан тышкары, каналдардын жээктери бекемделип… Кененирээк…