Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, ишин айкалыштыруу боюнча Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык,Талант Султанов Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолу эки тараптуу ачык

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолу эки тараптуу ачык. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан такташкандай, Боом капчыгайындагы трассаны селден тазалоо иштери 2-августка караган түнү түнкү саат 2лер чамасында аяктады. Учурда кыймылга эч кандай чектөө жок, — дешти ведомстводон. Эске салсак, кечээ түштөн кийин Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт жолунун… Кененирээк…