Бишкек жана Чүй облусунун атайын мекемелери электрондук документ жүгүртүү системасына кошулат

Бишкек жана Чүй облусунун атайын мекемелери электрондук документ жүгүртүү системасына кошулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти. Мекеме учурда монтаждоо иштери жүрүп, кызматкерлер системаны колдонууга үйрөтүлүп жатканын белгиледи. Мындай иштер жакынкы айларда өлкөнүн башка аймактарында да жүргүзүлөөрү күтүлүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акылары көбөйдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул чечимдин негизги максаты — өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү,… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир дубал сүрөтү пайда болду

Бишкектин Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын фасадына тартылган муралдын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, дубал сүрөтү Кыргызстандын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) 30 жылдыгынын урматына борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн белек… Кененирээк…

АКШ крылышкинин даамында эрин боёгучтар пайда болду

АКШдагы косметикалык бренд жана фаст-фуд тармагы крылышкинин даамында эрин боёгучтарды чыгарды. Бардыгы болуп төрт татым бар: барбекю, таттуу чили, бал соусу жана ачуу даам. Эксперттер помада ооздо тоңуп калган соустай сезилбеши үчүн жылтырактын текстурасын бир жыл бою ойлонушкан. Ар бир ароматтын оригинал соуска окшош түсү… Кененирээк…

Кыргызстан Түштүк Корея, АКШ жана Россиядан унаа импортун көбөйттү

Кыргызстан Түштүк Корея, АКШ жана Россиядан унаа импортун көбөйттү. Эң чоң өсүштү Грузиядан жеткирүүлөр көрсөттү. Бир жыл ичинде алар 18 эседен ашык өстү, деп билдирди Улуттук статистикалык комитет. Мекеменин маалыматы боюнча, январдан май айына чейин Кыргызстанга дээрлик 100 миллион долларга 13 миң 850дөн ашык унаа… Кененирээк…

Жалал-Абадда аз камсыз жана ата-энесинен ажыраган балдарга эс алуу уюштурулду

Жалал-Абад шаарында аз камсыз жана ата-энесинен ажыраган балдарга эс алуу уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон балдарга, жарым жана томолой жетим балдарга жагымдуу… Кененирээк…

Кыргызстанга инсулин келе баштады

Кыргызстанга кант диабети менен жабыркагандар үчүн зарыл болгон инсулин келе баштады. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дарынын биринчи партиясы 31-июлда алып келинди. Белгиленгендей, 8-августта да бир жылдык запас келет. Эске салсак, инсулин тартыштыгы боюнча көйгөйлөр март айында эле башталган. Министрлик мунун себебин дарыны жеткирүү үчүн тендер… Кененирээк…

COVID-19: Кыргызстанда кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта эмдөөдөн өтө алат

Кыргызстанда кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта коронавируска каршы эмдөөдөн өтө алат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, COVID-19га каршы вакцина кош бойлуу аялдарда боюнан түшүп калуу коркунучуна таасирин тийгизбейт. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде же эмчек эмизүү… Кененирээк…

Июль айында бардык негизги азык-түлүктүн чекене баасы жогорулады

Июль айында картошка, кой жана жылкынын этин эсепке албаганда бардык негизги азык-түлүктүн чекене баасы жогорулады. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, баарынан да ун кымбаттады. Азыр ундун бир килограммы орто эсеп менен 63 сомдон жогору турат. Сүттүн литрине бир сом кошулуп, 51 сомдон сатылууда. Негизги азык… Кененирээк…

Ысык-Көлдө сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда

Ысык-Көлдө сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 1-август күнү кыска-мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылында сел жүрүп, ички чарбалык каналдын 900 метр аралыгын сел суулары каптаган, ошондой эле 30 турак үйдүн короолорун суу каптап, жерге сиңип кеткен.… Кененирээк…