Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолу эки тараптуу ачык

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолу эки тараптуу ачык.

Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан такташкандай, Боом капчыгайындагы трассаны селден тазалоо иштери 2-августка караган түнү түнкү саат 2лер чамасында аяктады.

Учурда кыймылга эч кандай чектөө жок, — дешти ведомстводон.

Эске салсак, кечээ түштөн кийин Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт жолунун 151-152-153 чакырым аралыгында сел жүрүп, унаалар жолдон бир тараптуу гана өткөрүлүп жаткан.

Кошумчаласак, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Боомду ушуну менен экинчи жолу сел каптады.

Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар катталган жок. Ал эми сел алып келген чыгым азырынча айтыла элек.